# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 907-V "Т.Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракеси жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 907-V "Т.Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракеси жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 907-V
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70907>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3760/edition/376844/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70907.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 907-V "Т.Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракеси жөнүндө" токтому (30.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70907

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-июну № 907-V

Т.Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракеси жөнүндө

2012-жылдын 14-майында кесипкөй кыргыз адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири, залкар жазуучу, академик, коомдук ишмер, ойчул Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнүнө 100 жыл толот. СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Т.Сыдыкбековдун кыргыз улуттук адабияты менен маданиятын өнүктүрүүдөгү, улуттун санатын сактап калуудагы зор эмгегин, ошондой эле эл жана мамлекет алдындагы өзгөчө сиңирген эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

Т.Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча чараларды көрсүн;

мааракелик иш-чаралардын алкагында төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырсын:

- жазуучунун чыгармаларынын толук жыйнагын жана "Көк асаба" тарыхый романын кыргыз жана орус тилдеринде бастырып чыгарууну;

- Бишкек шаарында мемориалдык үй-музейин түзүүнү;

- жазуучу жашаган үйдө мемориалдык-такта орнотууну;

- Бишкек шаарында жазуучунун эстелигин тургузууну;

- анын ысмын Бишкек шаарынын жана Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чуй, Ысык-Көл областтарынын администрациялык борборлорунун көчөлөрүнүн бирине ыйгарууну;

- жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган даректүү фильм тартууну.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана, диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Төрага

А.Келдибеков
