# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 891-V "Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 891-V "Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 891-V
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70895>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3749/edition/376820/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70895.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 891-V "Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоору жөнүндө" токтому (30.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70895

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-июну № 891-V Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоору жөнүндө Коомду баш коштурууну, улуттук биримдикти камсыз кылуу, мамлекеттүүлүктү, өлкөнүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана өнүгүшүн чыңдоого багытталган этностор жана конфессиялар ортосундагы мамилелерди түзүү жана башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматова тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоору негиз катары кабыл алынсын.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн Концепциянын долбоорун Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы тарабынан киргизилген "Мекеним Кыргызстан" Кыргыз Республикасынын этностук саясатынын жана коомду баш коштуруусунун концепциясынын долбоорун эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү жана биротоло вариантын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматовага тапшырылсын.

Төрага

А.Келдибеков
