Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-июну № 891-V Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоору жөнүндө Коомду баш коштурууну, улуттук биримдикти камсыз кылуу, мамлекеттүүлүктү, өлкөнүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана өнүгүшүн чыңдоого багытталган этностор жана конфессиялар ортосундагы мамилелерди түзүү жана башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматова тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоору негиз катары кабыл алынсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Концепциянын долбоорун Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы тарабынан киргизилген "Мекеним Кыргызстан" Кыргыз Республикасынын этностук саясатынын жана коомду баш коштуруусунун концепциясынын долбоорун эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү жана биротоло вариантын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматовага тапшырылсын.
Төрага
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Документ № 61615Концепция · 10.04.2013