Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «2011-жылга республикалык бюджеттен „капиталдык салымдар“ беренеси боюнча каржылануучу объекттердин тизмеги жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-июну № 886-V 2011-жылга республикалык бюджеттен "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу объекттердин тизмеги жөнүндө "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012 - 2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген 2011-жылга республикалык бюджеттен "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу объекттердин тизмегин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген 2011-жылга республикалык бюджеттен "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу объекттердин тизмегине макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
билим берүү жана саламаттык сактоо объекттерин кошуп алганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган толуктоолорду жана сунуштарды эске алуу менен бул берене боюнча бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүнүн мыйзамдар менен белгиленген укугуна ылайык "капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен биринчи кезекте каржыланууга жаткан артыкчылыктуу объекттерди аныктасын; 2011-жылга республикалык бюджеттен "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу объекттердин тизмегине курулуштун төмөнкү объекттерин киргизсин:
- Жалал-Абад шаарындагы кардиологиялык борбордун имараты;
- Кара-Суу районундагы С.Алайчы атындагы № 87 орто мектебинин имараты;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимине ылайык Түп Кеген автожолу;
2011-жылга республикалык бюджеттен "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу объекттердин тизмегине киргизилген төмөнкү объекттердин курулушун аяктоо үчүн каржылоону толук көлөмдө камсыз кылсын:
- Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылынын орто мектебинин имаратын;
- Баткен шаарындагы бейтапкананын имаратын;
төмөнкү объекттерди курууну каржылоо үчүн каражаттарды тапсын:
- Алай районундагы Жаңы-Алай айылынын орто мектебинин имаратын;
- Алай районундагы Мурдаш айылынын орто мектебинин имаратын;
- Кара-Суу районундагы Садырбай айылынын орто мектебинин имаратын;
- Кара-Суу районундагы Таш-Арык айылынын орто мектебинин имаратын;
- Өзгөн шаарындагы С.Шарипов атындагы орто мектептин имаратын;
- Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылынын орто мектебинин уланма курулушун;
- Бишкек шаарындагы № 1 шаардык клиникалык оорукананын имаратын;
- Торугарт - Бишкек автожолундагы көпүрөнү;
- Алай районундагы Ленин айыл өкмөтүнүн Күн-Элек айлындагы каналды;
- Тажикстан Республикасынын Ворух анклавынын жана Чорку калктуу конушунун айланасында узундугу 5 км Көк-Таш - Капчыгай, узундугу 18 км Ак-Сай - Тамдык, Өзбекстан Республикасынын Сох анклавынын айланасында узундугу 13 км Божой - Сөгөт-Бел кыйгап өтүүчү автомобиль жолдорун;
"капиталдык салымдар" беренеси боюнча каралган бюджеттик каражаттардан Бишкек шаарынын Ош базарынын аймагынын айланасындагы автомобиль жолдорун кеңейтүүгө жана ички иштер, салык органдардын жана ал базардын ишине тиешеси бар башка мамлекеттик органдардын шаардык кызматтарынын кызматкерлери үчүн администрациялык имараттарды курууга каражаттарды багыттасын; Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин.
Төрага
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8