Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын 2009-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-июну № 863-V "Кыргыз Республикасынын 2009-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 2-мартындагы № 91 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2009-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик, бюджеттен тышкары каражаттарды пайдаланууну жакшыртуу жана анын натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында:
төмөнкүлөрдү контролдоону катуулатсын:
- бюджетке салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр бөлүгүндө мамлекеттик органдардын ишин уюштуруунун жакшыртылышын;
- бюджеттик мекемелердеги каржылык тартиптин сакталышы менен бюджетти пландаштыруу жана бюджеттин аткарылышынын жүрүшүндө контролду жүзөгө ашыруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жоопкерчилигинин жогорулатылышын;
- бюджеттик мекемелер тарабынан мыйзамдарга ылайык атайын каражаттардын түшүүлөрүнөн 20 пайыз өлчөмүндө бюджетке чегерилишин;
- бюджеттик мекемелердин шаттык санын жана түзүмүн;
- багыттардын артыкчылыктарына ылайык бюджеттин чыгашаларын каржылоонун кезектүүлүгүн;
- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыгынын эсепке алынышын;
- дем берүүчү гранттардын каражаттарынын пайдалануу ченемдеринин жана натыйжалуулугунун сакталышын;
- капиталдык салымдардын каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун;
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен коомдук уюмдарды каржылоо бөлүгүндө мыйзамдардын аткарылышын;
төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- бюджеттик каражаттарды кемитүүнүн, уурдап жок кылуунун, максатсыз жана мыйзамсыз пайдалануунун, курулуш жумуштарынын көлөмдөрүн жогорулатуунун, материалдык каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруунун, мамлекеттик кредиттер менен ссудаларды натыйжасыз пайдалануунун жана мыйзамдарга ылайык атайын каражаттардын түшүүлөрүнөн 20 пайыз өлчөмүндө бюджетке чегербөөнүн фактылары боюнча зыяндын республиканын бюджетине мүмкүн болушунча калыбына келтирүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун багыты боюнча чарбакер субъекттерге берилген бюджеттик ссудалар менен кредиттердин кайтарылып берилишин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009-жыл үчүн республикалык бюджетти аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин натыйжаларында көрсөтүлгөн эреже бузуулар менен кемчиликтерди четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2011-жылдын сентябрында берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Ү.Жапаров) жүктөлсүн.
Төрага
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- 2009-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралууЗакон · 26.07.2011 · № 134
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №91 "2009-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчет"токтомуПостановление · 02.03.2011 · № 91 · Күчүн жоготкон