# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 860-V "Кыргыз Республикасынын 2008-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 860-V "Кыргыз Республикасынын 2008-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 860-V
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70866>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3720/edition/376661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70866.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 860-V "Кыргыз Республикасынын 2008-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (30.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70866

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-июну № 860-V "Кыргыз Республикасынын 2008-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2009-жылдын 15-майындагы № 291 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2008-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аларды каржылоо 2009-жылдын январында жүргүзүлгөн корголгон беренелер боюнча 654,3 млн. сом суммадагы 2008-жылдын бюджеттик каражаттарын каржылабагандык боюнча, ошондой эле 2008-жылдагы бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары боюнча корголбогон чыгашаларды каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын аракеттеринин укукка жатарлыгын карасын.

Төрага

А.Келдибеков
