# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы №711-V "А.Жылкыбаевага юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы №711-V "А.Жылкыбаевага юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 711-V
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70727>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3588/edition/377493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70727.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы №711-V "А.Жылкыбаевага юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому (17.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70727

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-июну №711-V

А.Жылкыбаевага юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 50-беренесинин бөлүгүн ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Германия Федеративдүү Республикасында 2010-жылдын 14-майында кайгылуу окуядан курман болгон Кыргыз Республикасынын жараны Кундуз Турсунованын энеси А.Жылкыбаевага ар тараптуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон акча каражаттарын издеп тапсын. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Германия Федеративдүү Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги А.Жылкыбаевага жана анын өкүлдөрүнө ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык ар тараптуу көмөк көрсөтсүн. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.Д.Бекешев) жүктөлсүн.

Төрага

А.Келдибеков
