# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-июнундагы № 659-V "Эмгектик талаштар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-июнундагы № 659-V "Эмгектик талаштар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 659-V
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70680>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3542/edition/377123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70680.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-июнундагы № 659-V "Эмгектик талаштар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому (16.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70680

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 16-июну № 659-V Эмгектик талаштар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комиссиясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 415-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Иш башкармалыгынын, Иш башкармалыгынын Автотранспорт ишканасынын жана "Алтын-Көл" пансионаты" мамлекеттик ишканасынын иш берүүчүлөрү менен кызматкерлеринин ортосунда келип чыгуучу эмгектик талаштарды өз убагында чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Иш башкармалыгынын, Иш башкармалыгынын Автотранспорт ишканасынын жана "Алтын-Көл" пансионаты" мамлекеттик ишканасынын иш берүүчүлөрү менен кызматкерлеринин ортосундагы Эмгектик талаштар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комиссиясы (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн.

2. Комиссиянын курамына иш берүүчүнүн төмөнкү өкүлдөрү киргизилсин:

Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинии комитетинин мүчөсү; Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ар бир депутаттык фракциясынын өкүлү; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын өкүлү; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын өкүлү; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Юридикалык бөлүмүнүн өкүлү; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Мамлекеттик кызмат жана кадр иштери бөлүмүнүн өкүлү; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Автотранспорт ишканасынын өкүлү; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын "Алтын-Көл" пансионаты" мамлекеттик ишканасынын өкүлү.

3. Комиссияныи курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматкерлеринин он үч өкүлүн жиберүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасына сунуш кылынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 2008-жылдын 6-мартындагы № 70-ОД тескемеси күчүн жоготту деп табылсын.

Төрага

А.Келдибеков
