# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 10-июнундагы № 604-V "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 10-июнундагы № 604-V "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 604-V
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3495/edition/376969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70633.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 10-июнундагы № 604-V "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (10.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70633

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 10-июну № 604-V "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окууда кабыл алынган жана депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулу, К.А.Талиева жана Т.В.Левина тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына жана 2011-жылды Курманжан Датка жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун эске алуу менен Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна экинчи окууда киргизилген "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (демилгечилер - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, А.Т.Алтыбаева жана Д.А.Ниязалиева, Г.А.Скрипкина, Т.Мадылбеков, А.Ш.Жээнбеков) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети тарабынан киргизилген "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

Төраганын орун басары

Б.Төрөбаев
