Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүкатлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын/НАТО байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматчысынын статусу жөнүндө макулдашууну биригип түзгөн, Түндүкатлантика Келишим Уюмунун Башкы катчысынын 2010-жылдын 18-февралындагы SG (2010) 0102 катына Кыргыз Республикасынын коргоо министринин 2010-жылдын 24-февралындагы № 10/297 жооп катын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 10-июну № 581-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүкатлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын/НАТО байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматчысынын статусу жөнүндө макулдашууну биригип түзгөн, Түндүкатлантика Келишим Уюмунун Башкы катчысынын 2010-жылдын 18-февралындагы SG (2010) 0102 катына Кыргыз Республикасынын коргоо министринин 2010-жылдын 24-февралындагы № 10/297 жооп катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 18-апрелиндеги № 164 токтом) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүкатлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын/НАТО байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматчысынын статусу жөнүндө макулдашууну биригип түзгөн, Түндүкатлантика Келишим Уюмунун Башкы катчысынын 2010-жылдын 18-февралындагы SG (2010) 0102 катына Кыргыз Республикасынын коргоо министринин 2010-жылдын 24-февралындагы № 10/297 жооп катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары
Б.Төрөбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-апрелиндеги №164 "Кыргыз Республикасынын "Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Кыргыз…Постановление · 18.04.2011 · № 164
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүкатлантика Келишим Уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын/НАТО байланыш жана өз…Закон · 02.07.2011 · № 69