# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 556-V "Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аймактары боюнча өз ара ары-бери жүрүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 556-V "Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аймактары боюнча өз ара ары-бери жүрүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 556-V
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70587>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3449/edition/375527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70587.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 556-V "Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аймактары боюнча өз ара ары-бери жүрүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө" токтому (09.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70587

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 9-июну № 556-V Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аймактары боюнча өз ара ары-бери жүрүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө Негизги максаттарынын бири Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда болуп келген бир туугандык, достук жана кызматташтык мамилелерди андан ары өнүктүрүү жана ага жаңы сапат болуп саналган, 1997-жылдын 8-апрелинде Алматы шаарында кол коюлган жана 1998-жылдын 24-июлундагы № 112 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасында 5 (беш) күндүн ордуна 90 (токсон) күндүн ичинде каттоосуз болуусуна карата маселени иштеп чыксын;

-Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аймактары боюнча өз ара ары-бери жүрүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн эки өлкөнүн жарандарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Жарандардын өз ара барып-келүүсүн жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда макулдашууга тезирээк кол коюунун зарылдыгы тууралуу маселени жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды эске алуу менен иштеп чыксын; -Казакстан Республикасында жана башка өлкөлөрдө иштеп жаткан эмгек мигранттарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет жактарда уюштурулган эмгекке орноштуруу үчүн тышкы эмгек миграциясынын түрлөрүн өнүктүрүү жана кеңейтүү жаатындагы иштерди күчөтсүн; -тышкы миграция маселелерин чечүүдө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн күчөтсүн; -эмгек миграциясынын процесстерин тартипке келтирүү менен эмгекчи мигранттарды социалдык жана укуктук коргоону камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүп, эмгек ресурстарынын айкын түрлөрүндөгү керектөөлөргө негизденүү менен жөнгө салынуучу миграция механизмдерин түзүү боюнча эки тараптуу кызматташтыктын натыйжалуу түрлөрүн өнүктүрсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.А.Ниязалиева) жүктөлсүн.

Төрага

А.Келдибеков
