# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 532-V "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 532-V "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 532-V
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70563>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3425/edition/375476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70563.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 532-V "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (09.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70563

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 9-июну № 532-V "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 27-майындагы № 260 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Республикалык бюджеттен капиталдык салымдардын планын (2011-жылга республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык курулуш объекттеринин тизмеги) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылбагандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн бөлүнүп берилүүчү каражаттардын өз убагында келип түшүүсү камсыз кылсын:

- Кризиске каршы фонддон 106 млн. АКШ долл. өлчөмүндө (бюджетти колдоо);

- Европа коомдоштугунун комиссиясынын гранттарынан 988,8 млн. сом (15 млн. евро) суммасында - макрофинансылык колдоо.

Төрага

А.Келдибеков
