# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 26-майындагы № 501-V "Коммерциялык банктар жана чакан кредиттик компаниялар тарабынан кредиттерди берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө митингдин катышуучуларынын талаптары боюнча чаралар тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 26-майындагы № 501-V "Коммерциялык банктар жана чакан кредиттик компаниялар тарабынан кредиттерди берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө митингдин катышуучуларынын талаптары боюнча чаралар тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 501-V
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70538>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3400/edition/375399/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70538.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 26-майындагы № 501-V "Коммерциялык банктар жана чакан кредиттик компаниялар тарабынан кредиттерди берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө митингдин катышуучуларынын талаптары боюнча чаралар тууралуу" токтому (26.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70538

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-майы № 501-V Коммерциялык банктар жана чакан кредиттик компаниялар тарабынан кредиттерди берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө митингдин катышуучуларынын талаптары боюнча чаралар тууралуу Чечилиши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын карамагына таандык болгон коммерциялык банктар жана чакан кредиттик компаниялар тарабынан кредиттерди берүү менен байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө митингдин катышуучуларынын талаптарына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Улуттук банкына төмөнкүлөр тапшырылсын:

- митингдин катышуучуларынын талаптарын аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүү;

- көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдоо.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Сулайманов) жүктөлсүн.

Төрага

А.Келдибеков
