# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 14-майындагы № 462-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 14-майындагы № 462-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 462-V
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3365/edition/375300/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 14-майындагы № 462-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө" токтому (14.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70503

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-майы № 462-V Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө Бүгүнкү күндө республиканын түштүгүндө калктын жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн күйүүчү-майлоочу материалдар жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз болуусунда өтө курч кырдаал түзүлдү. Көрсөтүлгөн товарлардын түрлөрүнө баалар кескин жогорулап, алардын өтө тартыштыгы сезилүүдө. Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана жазгы талаа жана оруп-жыюу мезгилине көрсөтүлгөн товарлар менен ички рынокту толтуруу жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- "Кыргыз Республикасынын Бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык күйүүчү-майлоочу материалдарга жана минералдык жер семирткичтерге мезгилдүү ташып чыгуу (экспорттук) алымдарды товарлардын бажы наркынын 50 пайызынан кем эмес өлчөмдө киргизүү жөнүндө токтомду бир айлык мөөнөттө кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизсин;

- күйүүчү-майлоочу материалдарды дүң жөнөтүүчүлөрүнө 10 тоннадан ашык көлөмдөгү автомобилдерге май куюучу станциялары жок чарбакер субъекттерге аларды сатууга тыюу салсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Сулайманов) жүктөлсүн.

Төрага

А.Келдибеков
