# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 14-майындагы № 460-V "2011-жылдын 25-мартындагы № 272-V "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана Мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 14-майындагы № 460-V "2011-жылдын 25-мартындагы № 272-V "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана Мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 460-V
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3363/edition/375296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70501.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 14-майындагы № 460-V "2011-жылдын 25-мартындагы № 272-V "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана Мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (14.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70501

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-майы № 460-V 2011-жылдын 25-мартындагы № 272-V "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана Мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана Мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссиянын ишине коомчулуктун жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүнүн катышуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2011-жылдын 25-мартындагы № 272-V "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана Мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. Токтом төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

А.Ч.Какеев - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, философия илимдеринин доктору, профессор;

М.Т.Байжиев - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, I чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

К.Жусупов - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу;

А.М.Алымбаев - Улуттук жазуучулар бирлигинин төрагасы;

З.Б.Бекташев - Кыргыз Республикасынын Архитекторлор бирлигинин төрагасы;

С.Иптаров - Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин автору;

Б.М.Жумабаев - тарых илимдеринин доктору, профессор, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана регион таануу факультетинин деканы;

Ш.Кулуев - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин автору;

Т.Асанов - тарых илимдеринин кандидаты;

И.Абдуразаков - коомдук ишмер;

Ч.Абдыкапаров - коомдук ишмер;

А.С.Назарбаев - коомдук ишмер;

С.Макашов - Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү.".

2. 3-пункт 4-пункт деп эсептелсин.

Төрага

А.Келдибеков
