# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 400-V ""Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 400-V ""Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 400-V
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70446>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3310/edition/351187/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70446.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 400-V ""Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (29.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70446

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-апрели № 400-V "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 11-апрелиндеги № 151 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- сот бийлигинин органдарын каржылоого тиешелүү мыйзамдык ченемдерди сактоону камсыз кылсын;

- аба кемелеринин учуп чыгышы жана конушу боюнча кызматтарды көрсөткөндүк үчүн "Хайдар Эвиэйшн Севисес Лимитед" компаниясына Транзиттик ташуулар борбору тарабынан төлөнүүчү каражаттардын республикалык бюджетке түшүүсүн камсыз кылуу жөнүндө маселени карасын;

- 2011-жылдын 3-мартындагы № 219-V "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышы жөнүндө маалымат берсин;

- "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу курулуш объекттеринин тизмеги боюнча сунуштарды киргизүүнү тездетсин;

- республиканын бюджетине жүктү төмөндөтүү максатында администрациялык имараттарды тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун балансына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Мамлекеттик имараттар департаментин жоюу жөнүндө маселени чечсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

М.Абдылдаев
