Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «»Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-апрели № 400-V "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 11-апрелиндеги № 151 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- сот бийлигинин органдарын каржылоого тиешелүү мыйзамдык ченемдерди сактоону камсыз кылсын;
- аба кемелеринин учуп чыгышы жана конушу боюнча кызматтарды көрсөткөндүк үчүн "Хайдар Эвиэйшн Севисес Лимитед" компаниясына Транзиттик ташуулар борбору тарабынан төлөнүүчү каражаттардын республикалык бюджетке түшүүсүн камсыз кылуу жөнүндө маселени карасын;
- 2011-жылдын 3-мартындагы № 219-V "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышы жөнүндө маалымат берсин;
- "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу курулуш объекттеринин тизмеги боюнча сунуштарды киргизүүнү тездетсин;
- республиканын бюджетине жүктү төмөндөтүү максатында администрациялык имараттарды тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун балансына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Мамлекеттик имараттар департаментин жоюу жөнүндө маселени чечсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
М.Абдылдаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги №151 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 11.04.2011 · № 151 · Күчүн жоготкон