# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-апрели № 341-V "2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V "1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-апрели № 341-V "2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V "1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 341-V
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3257/edition/346274/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-апрели № 341-V "2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V "1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому (21.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70393

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 21-апрели № 341-V 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V "1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V "1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1 жана 2-пункттар бириктирилүү менен төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтү 60 жаш курагына чейинки жарандар үчүн 2011-жылдын 31-декабрына чейин узартыларын, ал эми 60 жаш курагынан улгайган жарандардын паспортторунун колдонуу мөөнөтү чектелбегендигин белгилесин.".

2. 3 жана 4-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 2 жана 3-пункттар деп эсептелинсин.

3. 5-пункт 4-пункт деп эсептелинсин жана төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрликтерине 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтү ушул токтомго ылайык узартылгандыгы жөнүндө маалымдасын.".

4. 6 жана 7-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 5 жана 6-пункттар деп эсептелинсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

А.Келдибеков
