# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-976/edition/1260781/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7037.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому (28.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7037

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2000-жылдын 24-январы № 40

"Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-августундагы N 523, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288, 2024-жылдын 4-июлундагы № 362, 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 25-сентябрындагы № 623 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө" токтомун ишке ашыруу үчүн, Ысык-Көл областынын ландшафттык, биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоону күчөтүү, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобого ылайык жерге ээлик кылуунун жана пайдалануунун учурдагы структурасын сактоо менен биосфералык аймакта 4 зона бөлүнсүн.

№

Зонанын аталышы

Аянт (га менен)

1

Өзөк зонасы

729220

2

Буфердик зона

2577995,38

3

Өткөөл зона

647000,62

4

Санация зонасы

360184

Баары:

4314400

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 362, 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Козголбос мүлккө укукту катоо боюнча мамлекеттик агентство жана Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы менен бирдикте 2000-жылдын биринчи жарымында өзөктүк, буфердик, өткөөл зоналардын, биосфералык аймактын санация зонасынын чектерин аныктасын жана жерлерди менчик ээлеринен жана жер пайдалануучулардан албастан жерге жайгаштыруу материалдарын тастыктасын;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын башкаруу органынын - дирекциясынын структурасын, штатын жана сарптоолорунун сметасын аныкталган тартипте түзсүн жана бекитсин;

- Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын жаратылышын эл аралык стандарттарга, биосфералык резерваттар жөнүндө Севиль Стратегиясында айтылган максаттарга жана милдеттерге ылайык пайдалануу режимдерин башкарууну жана көзөмөлдөөнү камсыздасын.

(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-августундагы N 523 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, менчигинин түрүнө карабастан бардык чарбакер субъекттер "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобонун талаптарынын аткарылышын камсыздашсын жана өзгөчө корголуучу аймактар тармагындагы нормативдик укуктук актыларды ага ылайык келтиришсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматына тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Муралиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы N 40 токтомуна N 1 тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы N 40 токтомуна N 2 тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
