# КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 31-мартындагы №280-V "Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Лейлек районунда чек арага жанаша жаткан жерлерге жана Баткен областынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу менен байланыштуу кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 31-мартындагы №280-V "Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Лейлек районунда чек арага жанаша жаткан жерлерге жана Баткен областынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу менен байланыштуу кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 280-V
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3213/edition/341569/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 31-мартындагы №280-V "Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Лейлек районунда чек арага жанаша жаткан жерлерге жана Баткен областынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу менен байланыштуу кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө" токтому (31.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70349

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 31-марты №280-V Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Лейлек районунда чек арага жанаша жаткан жерлерге жана Баткен областынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу менен байланыштуу кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Лейлек районунда чек арага жанаша жаткан жерлерге жана Баткен областынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу менен байланыштуу кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен төмөнкү курамда түзүлсүн:

Б.А.Мамырова - Комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

У.Т.Кочкоров - "Ата-Журт" фракциясынан депутат;

Ж.К.Исаев - КСДП фракциясынан депутат;

К.А.Талиева - "Ар-Намыс" фракциясынан депутат;

К.К.Иманалиев - "Ар-Намыс" фракциясынан депутат;

Н.Т.Арипов - "Республика" фракциясынан депутат;

Т.Балтабаев - "Ата Мекен" фракциясынан депутат;

Ж.Р.Сапарбаев - "Ата Мекен" фракциясынан депутат;

А.А.Досалиев - "Ата Мекен" фракциясынан депутат;

Ө.Т.Бабанов - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

Ш.Э.Атаханов - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

К.А.Душебаев - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;

Н.Б.Набиев - Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун орун басары;

К.А.Искандаров - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек арага жанаша жаткан аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.

2. Комиссия Баткен областына баруунун натыйжалары боюнча жасалган иш жөнүндө отчетту 2011-жылдын 10-апрелине чейин берсин.

3. Комиссиянын ишинин натыйжалары жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

А. Келдибеков
