Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Лейлек районунда чек арага жанаша жаткан жерлерге жана Баткен областынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу менен байланыштуу кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 31-марты №280-V Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Лейлек районунда чек арага жанаша жаткан жерлерге жана Баткен областынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу менен байланыштуу кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Лейлек районунда чек арага жанаша жаткан жерлерге жана Баткен областынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу менен байланыштуу кырдаалды иликтөө боюнча убактылуу комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен төмөнкү курамда түзүлсүн:
Б.А.Мамырова - Комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
У.Т.Кочкоров - "Ата-Журт" фракциясынан депутат;
Ж.К.Исаев - КСДП фракциясынан депутат;
К.А.Талиева - "Ар-Намыс" фракциясынан депутат;
К.К.Иманалиев - "Ар-Намыс" фракциясынан депутат;
Н.Т.Арипов - "Республика" фракциясынан депутат;
Т.Балтабаев - "Ата Мекен" фракциясынан депутат;
Ж.Р.Сапарбаев - "Ата Мекен" фракциясынан депутат;
А.А.Досалиев - "Ата Мекен" фракциясынан депутат;
Ө.Т.Бабанов - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;
Ш.Э.Атаханов - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
К.А.Душебаев - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
Н.Б.Набиев - Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун орун басары;
К.А.Искандаров - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек арага жанаша жаткан аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.
2. Комиссия Баткен областына баруунун натыйжалары боюнча жасалган иш жөнүндө отчетту 2011-жылдын 10-апрелине чейин берсин.
3. Комиссиянын ишинин натыйжалары жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
А. Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 404-V "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун чек арага жакын жаткан аймактарындагы…Постановление · 29.04.2011 · № 404-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 404-V "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун чек арага жакын жаткан аймактарындагы…Постановление · 29.04.2011 · № 404-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 14-майындагы № 444-V "2011-жылдын 31-мартындагы № 280-V "Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Лейлек районунда чек арага жанаша жаткан…Постановление · 14.05.2011 · № 444-V