# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 170-V "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 170-V "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 170-V
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3144/edition/1059739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 170-V "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" токтому (30.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70263

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-февралы № 170-V Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу (КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5045-V токтому редакциясына ылайык) Активдүү парламенттер аралык кызматташууга умтулуп жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна катышкан мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу парламенттик кызматташууну андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:

А.К.Келдибеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;

И.И.Исаков;

Т.Б.Мамытов;

К.С.Асанов;

С.Н.Жапаров;

Т.Мадылбеков;

К.С.Бокоев;

2. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын туруктуу комиссияларына төмөнкүлөр жиберилсин:

- И.И.Исаков, К.С.Асанов, Т.Б.Мамытов - коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссияга;

- С.Н.Жапаров, К.С.Бокоев, Т.О. Ибраев - саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссияга;

(КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5045-V токтому редакциясына ылайык)

- Т.Мадылбеков, - социалдык-экономикалык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияга.

3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

4. 2008-жылдын 14-февралындагы № 175-IV "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Төрага

А.Келдибеков
