Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «»Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 10-февралы № 156-V "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 26-январындагы № 27 токтом) "2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2011-жылга республикалык бюджеттин долбоорунун негизги параметрлерине сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен биринчи окууда кабыл алынсын:
- кирешелер боюнча республикалык бюджет ИДПга карата 27,9 пайыз салыштырма салмак менен жалпы суммасы 68453552,9 мин сом (өнүктүрүү бюджетинин алкагындагы суммасы 7949860,8 миң сом гранттык каражаттарды кошуп алганда);
- чыгашалар боюнча республикалык бюджет ИДПга карата 36,5 пайыз салыштырма салмак менен жалпы суммасы 89710934,6 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин тартыштыгынын эң жогорку өлчөмү ИДПга карата 8,7 пайыз салыштырма салмак менен суммасы 21257381,7 миң сом;
анын ичинен төмөнкүлөрдүн эсебинен жабылат:
- ички булактардан 5853329,6 миң сом;
- тышкы булактардан 15404052,1 миң сом.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген 2012 жана 2013-жылдарга республикалык бюджеттин негизги параметрлери эске алынсын.
3. Өлкөнүн иш жүзүндөгү каржылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен 2011-жылга республикалык бюджетке түшүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөрдү ишке ашыруу сунуш кылынсын:
- "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында жайгашкан АКШнын Транзиттик ташуулар борборуна реактивдүү күйүүчү майды алып келүүгө КНС жана акциздик салык же пайдага салынган салык (атайын төлөм) киргизүүнү;
- таза пайдадан төлөөлөрдүн өлчөмүн көбөйтүү же болбосо республика ири киреше түзүүчү субъекттерден кошумча киреше алышы үчүн аны башка экономикалык көрсөткүчкө байлоо менен "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын жана "Кыргыз темир жолу" МИсинин акцияларынын мамлекеттик үлүшүнөн дивиденддерди төлөө механизмин кайра кароону;
- мунай заттарын ташып келүүдө бирдиктүү салык белгилөө жөнүндө маселени иликтөөнү;
- сатуулардан алынуучу салыктын ставкасын жыл сайын 0,5 пайызга төмөндөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун киргизүүнү, ошондой эле кош салык салуудан качуу үчүн КНС төлөөчүлөрдү сатуудан салык төлөөдөн бошотууну;
- төмөнкү чараларды иштеп чыгууну:
автомашиналарды тыкыр эсепке алуу жана күнү-түнү көрмө камераларды орнотуу жолу менен автомобилдерге май куюучу станцияларда мунай заттарын көмүскө сатуунун коррупциялашкан схемаларына бөгөт коюу боюнча; сатып алуулар боюнча колдонуудагы мыйзамдардын жоболорун кайра карап, мамлекеттик уюмдардын керектөөсү үчүн арзандатылган мунай заттарын жана кеңсе товарларын дүң сатып алууну уюштуруу боюнча; цемент, шифер өндүрүшүнүн, кант тармагынын жана башка тармактардын менеджментинде коррупцияны болтурбоо үчүн жаңы механизмдерди түзүп, бюджет түзүүчү өндүрүштөрдү башкарууну оптималдаштыруу боюнча; ыктыярдуу жана милдеттүү патенттөө чөйрөсүндөгү салыктык администрациялоону жакшыртуу, каттоо жол-жоболорун күчөтүү жана салык төлөөчүлөрдүн жана башкалардын карыздарын кыскартуу боюнча;
- "Кыргызалтын" ААКсы тарабынан "алтын" товарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууну бажылык жол-жоболоштурууда 0,15 пайыз өлчөмүндөгү бажы жыйымынын төлөнүшүн кароону;
- инвестицияларды тартуу үчүн аны күрөө активи катары колдонуу максатында Кыргыз Республикасы үчүн "алтын" товарынын каралган көлөмүнүн бөлүгүн сактоону, ошондой эле бул көлөмдүн 15 пайызын "Келечек муундардын фондун" түзүүгө багыттоону;
- "Центерра Голд Компани" компаниясынын өндүрүштүк муктаждыктарына сууну пайдалангандык үчүн акы төлөө белгилөө жөнүндө маселе кароону;
- "Центерра Голд Компани" компаниясын башкарууга Өкмөттүн катышуусу үчүн "Кыргызалтын" ААКсынын президентин "Centerra Gold Inc" компаниясынын Директорлор кеңешинин курамына киргизүүнү;
- мамлекеттик казыналык векселдерди (МКВ) жана облигацияларды (МКО) чыгаруунун натыйжалуулугун жана алардын республикалык бюджеттин тартыштыгына тийгизген таасирин иликтөөнү;
- жергиликтүү бюджеттерге жалпы мамлекеттик салыктарды - киреше салыгын, резидент эмес жактардын кирешесине салыкты, республикада өндүрүлгөн продукцияга акциз салыгын 35 пайыз өлчөмүндө жана милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыкты 100 пайыз өлчөмүндө чегерүү кароону;
- "РСК Банк" ААКсынын уставдык капиталын (акциялардын мамлекеттик үлүшү 100 пайыз) көбөйтүү жана пенсиялар менен жөлөкпулдарды төлөө боюнча социалдык кыйынчылыктарга жол бербөө үчүн "Залкар Банк" ААКсынын эсептерин которуу жөнүндө маселе кароону;
- радио жыштыктардын спектрлерин (РЖС) пайдалангандык үчүн төлөөнү көбөйтүүнү;
- алардын ("Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы, "Кыргызтелеком" МИси ж.б.) натыйжалуу пайдалануу үчүн республикалык бюджеттин түзүмүндөгү ири салык төлөөчүлөрдүн бөлүнбөгөн киреше каражаттарын топтоо механизмин иштеп чыгууну;
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция үчүн бөлүнүп берилген, анын ичинде донорлордон түшкөн бардык каражаттарды Ош, Жалал-Абад жана Кара-Суу шаарларынын мэрияларынын башкаруусуна өткөрүп берүүнү;
- Токтогул районундагы Суу чарба объекттерин каржылоо боюнча адистештирилген фонддун каражаттарынын арналышы боюнча пайдаланылышына Токтогул райондук кеңешинин депутаттарынын контролун камсыз кылуу максатында бул фонддун каражаттарын Токтогул районунун бюджетине киргизүүнү;
- Жогорку Кеңештин, Президенттин жана Өкмөттүн аппараттары менен жетекчилеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттарын бирдиктүү тутумга келтирүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн курамына киргизип, аны жоюуну;
- кызматтык автомашиналарды биринчи жетекчилерде калтыруу менен мамлекеттик чиновниктердин кызматтык автомашиналарынын санын кыскартууну, ал эми бош калган автомашиналарды аукцион аркылуу сатууну жана аларды тейлөө менен оңдоо боюнча болжол менен суммасы 456,0 млн. сом бошогон каражаттарды мугалимдердин эмгек акысын көбөйтүүгө багыттоону;
- республикалык бюджеттин долбоорунда каралган төмөнкү каражаттарды 20 пайызга кыскартууну:
"имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча 5167,9 млн. сом суммасында (1033,6 млн. сомго); "башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар" беренеси боюнча 2975,5 млн. сом суммасында (595,1 млн. сомго).
4. Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Ү.Жапаров) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун республикалык бюджеттин негизги параметрлерин (кирешелер, чыгашалар, тартыштык жана алардын ИДПга карата салыштырма салмагы) тактоо менен биринчи окуунун режиминде экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №27 "«Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 26.01.2011 · № 27 · Күчүн жоготкон