Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2010-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган «Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн тез жардам» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2010-жылдын 28-декабры № 78-V Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2010-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн тез жардам" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 23-декабрындагы № 337 токтом) "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2010-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн тез жардам" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн тез жардам" долбоору менен каралган 100,0 млн. АКШ доллары көлөмүндөгү бүткүл сумманы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө, ал эми Кыргыз Республикасы тарабынан бөлүнүп берилген өздөштүрүлбөй калган каражаттарды республикалык бюджетке кайтарып берүү;
- Ош, Жалал-Абад шаарларынын мэрияларын жана түштүк райондорунун мамлекеттик администрацияларын республиканын түштүк региондорунун турак жай фондун калыбына келтирүүгө жана реконструкциялоого багытталган каражаттарды каржылоого жооптуу органдар кылып аныктоо;
- колдонуудагы макулдашууга кредиттик каражаттарды пайдалануу жана кайтарып берүү боюнча юридикалык жактардын жоопкерчилигин өзгөртүү жөнүндө түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-декабрындагы №337 "«Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2010-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган «Калыбына…Постановление · 23.12.2010 · № 337
- Бишкек шаарында 2008-жылдын 30-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл Аралык Өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык…Закон · 18.07.2008 · № 153