# КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 23-декабры № 40-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 23-декабры № 40-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40-V
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3070/edition/391738/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 23-декабры № 40-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому (11.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70185

---

КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы №1491-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2010-жылдын 23-декабры №40-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 29-декабрындагы № 81-V, 2011-жылдын 2-февралындагы № 140-V, 2011-жылдын 21-октябрындагы № 1238-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 143-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттар: Галина Анатольевна Скрипкина - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Алмазбек Баатырбековнч Баатырбеков - Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Акылбек Үсөнбекович Жапаров - Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Замирбек Маданбекович Алымбеков - Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Азамат Абдуллажанович Арапбаев - Өнөр жай, энергетика жана, жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Исмаил Исакович Исаков - Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Туратбек Мадылбеков - Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Алтынбек Турдубаевич Сулайманов - Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Садыр Нургожоевич Жапаров - Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Жылдызкан Айтибаевна Жолдошова - Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Эркин Абдышевич Сакебаев - Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Дамира Абаскановна Ниязалиева - Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Исхак Айтбаевич Пирматов - Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Чолпон Аалыевна Султанбекова - Жаштар саясаты, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Дастан Далабайевич Бекешев - Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына; Курмантай Абдиев - регламенти жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына шайлансын. (КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 29-декабрындагы №81-V, 2011-жылдын 2-февралындагы №140-V, 2011-жылдын 21-октябрындагы №1238-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Төрага

А.Келдибеков
