# КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 23-декабры № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 23-декабры № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30-V
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3067/edition/690777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 23-декабры № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому (06.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70182

---

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2010-жылдын 23-декабры №30-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 29-декабрындагы №81-V, 2011-жылдын 2-февралындагы №140-V, 2011-жылдын 21-октябрындагы №1238-V, 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V, 2012-жылдын 2-февралындагы №1586, 2012-жылдын 22-февралындагы №1653-V, 2012-жылдын 14- мартындагы №1730-V, 2012-жылдын 10-октябрындагы №2395-V, 2012-жылдын 1-ноябрындагы №2458-V токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү түзүмү бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 5 орун басары; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 13 комитети; Бүткүл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети; эсептөө комиссиясы (курамы жыл сайын кайрадан шайланып турат); добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссия. (КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү комитеттери түзүлсүн:

Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет; Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитет; Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет; Эл аралык иштер боюнча комитет; Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет; Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитет; Социалдык саясат боюнча комитет; Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет; Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет; Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет; Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитет; Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет; Бюджет жана финансы боюнча комитет; Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет. (КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 17-октябрындагы №2395-V, 2012-жылдын 1-ноябрындагы №2458-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

- 2009-жылдын 6-ноябрындагы №1474-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү жөнүндө";

- 2009-жылдын 12-ноябрындагы №1492-IV "2009-жылдын 6-ноябрындагы № 1474-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу";

- 2010-жылдын 17-декабрындагы №21-V "2009-жылдын 6-ноябрындагы № 1474-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу";

- 2010-жылдын 29-декабрындагы №81-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө";

- 2011-жылдын 2-февралындагы №140-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө";

- 2011-жылдын 21-октябрындагы №1238-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө.

(КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V токтомунун редакциясына ылайык)

Төрага

А. Келдибеков
