# КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 17-декабры № 28-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамын аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 17-декабры № 28-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамын аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28-V
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3066/edition/501132/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 17-декабры № 28-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамын аныктоо жөнүндө" токтому (05.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70181

---

КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2010-жылдын 17-декабры № 28-V Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамын аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөрдүн талапкерлиги аныкталсын:

Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына

Өмүрбек Токтогулович Бабановдун

- Кыргыз Республикасынын экономикалык маселелер боюнча биринчи вице-премьер-министринин кызматына

Ибрагим Кожоназарович Жунусовдун

- Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министринин кызматына

Шамил Эсенжанович Атахановдун

- күч түзүмдөрүн координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына жана КМШ жана ЕврАзЭКнын иштери боюнча өкүлдүн кызматына

Нурханбек Сакенович Момуналиевдин

- министрдин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин кызматына

Жантөрө Жолдошевич Сатыбалдиевдин

- министринин рангындагы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын Башкы директорунун кызматына

Руслан Айтбаевич Казакбаевдин

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызматына

Кыргыз Республикасынын коргоо министри Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-пунктуна ылайык Президент тарабынан дайындалат;

Зарылбек Кылычбекович Рысалиевдин

- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматына

Абылай Жумакадырович Мухамеджановдун

- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызматына

Чоробек Имашович Имашевдин

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызматына

Учкунбек Азизбекович Ташбаевдин

- Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин кызматына

Нурдин Эмильевич Илебаевдин

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин кызматына

Төрөгул Ниязович Бековдун

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин кызматына

Эркин Абдыкасымович Исаковдун

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызматына

Болот Ибраимович Борбиевдин

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызматына

Аскарбек Алимбаевич Шадиевдин

- Кыргыз Республикасынын энергетика министринин кызматына

Замирбек Садыбакасович Эсенамановдун

- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин кызматына

Канат Жалилович Садыковдун

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматына

Сабыр Артисбекович Жумабековдун

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызматына

Нурлан Тургунбекович Шакиевдин

- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин кызматына

Алмасбек Ахунжанович Абытовдун

- Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин

Алиясбек Төлбашиевич Алымкуловдун

- Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министринин кызматына

Дүйшенали Мамасалиевдин

- Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министринин кызматына

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат;

Зиядин Исламович Жамалдиновдун

- Кыргыз Республикасынын суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызматына

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерликтер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине берилсин.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. Жээнбеков
