# КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 12-мартындагы № 1727-IV "Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 12-мартындагы № 1727-IV "Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1727-IV
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3038/edition/494519/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 12-мартындагы № 1727-IV "Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому (25.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70152

---

КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 266-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-марты № 1727-IV Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 28-январындагы № 31 токтому) "Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренеси менен каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш болгон келишимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттеринде макулдашуунун жол-жобосун бузууга мындан ары жол бербесин.

Төраганын орун басары

Ч. Баекова
