# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2000- жылдын 17 январындагы "Имараттарды өткөрүп берүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2000- жылдын 17 январындагы "Имараттарды өткөрүп берүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2000
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/7015>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-956/edition/291069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/7015.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2000- жылдын 17 январындагы "Имараттарды өткөрүп берүү жөнүндө"токтому (30.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/7015

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2000-жылдын 17-январы № 16

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Имараттарды өткөрүп берүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2003-жылдын 4-декабрындагы № 754,

2004-жылдын 25-мартындагы № 201,

2008-жылдын 30-декабрындагы № 731

токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 14-январындагы

"Кредиттик карыздарды жоюу жөнүндө" Указын, ошондой эле Бишкек шаардык

арбитраждык сотунун Бишкек ш., Пушкин көчөсү-50 дарегиндеги имарат бо-

юнча чечимин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат.

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына караштуу Банктарды кайра

уюштуруу жана карыздарды реструктуралоо боюнча агентствонун Бишкек ш.,

Пушкин көчөсү-50 дарегиндеги, баалоо наркы 63353185,6 сом болгон има-

ратты Кыргызпотребсоюздан жана кооперативдерден Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлигине береселерин жоюу эсебинде мамлекеттин менчигине

өткөрүп алуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

(КР 2004-жылдын 25-мартындагы N 201, 2008-жылдын 30-декабрындагы N

731 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Сот департаменти Бишкек шаардык сотунун

Бишкек ш., Панфилов көчөсү-183 дарегинде жайгашкан имаратын Кыргыз Рес-

публикасынын Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду Бишкек шаардык

сотунун Бишкек ш., Панфилов көчөсү-183 дарегинде жайгашкан, баланстык

наркы 1538199,0 сом болгон имаратын Кыргызпотребсоюздун менчигине мен-

чикке укук тууралуу күбөлүк берүү менен өткөрүп берсин.

4. Бишкек шаарынын жергишктүү өз алдынча башкаруусу Кыргызпотреб-

союзга Бишкек ш., Панфилов көчөсү-183 дарегинде жайгашкан эки кабат

имараттын алдындагы жер участогун ээлөө укугуна мамлекеттик акт берсин.

5. Кыргыз Ребпубликасынын Мамлекеттик мүлк фонду Бишкек шаары,

Панфилов көчөсү-50 дарегинде жайгашкан имаратты мамлекеттик администра-

тивдик имараттардын реестрине киргизсин.

Премьер-министр А.Муралиев
