Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2000- жылдын 17 январындагы «Имараттарды өткөрүп берүү жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2000-жылдын 17-январы № 16
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Имараттарды өткөрүп берүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2003-жылдын 4-декабрындагы № 754,
2004-жылдын 25-мартындагы № 201,
2008-жылдын 30-декабрындагы № 731
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 14-январындагы
"Кредиттик карыздарды жоюу жөнүндө" Указын, ошондой эле Бишкек шаардык
арбитраждык сотунун Бишкек ш., Пушкин көчөсү-50 дарегиндеги имарат бо-
юнча чечимин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына караштуу Банктарды кайра
уюштуруу жана карыздарды реструктуралоо боюнча агентствонун Бишкек ш.,
Пушкин көчөсү-50 дарегиндеги, баалоо наркы 63353185,6 сом болгон има-
ратты Кыргызпотребсоюздан жана кооперативдерден Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигине береселерин жоюу эсебинде мамлекеттин менчигине
өткөрүп алуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
(КР 2004-жылдын 25-мартындагы N 201, 2008-жылдын 30-декабрындагы N
731 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Сот департаменти Бишкек шаардык сотунун
Бишкек ш., Панфилов көчөсү-183 дарегинде жайгашкан имаратын Кыргыз Рес-
публикасынын Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду Бишкек шаардык
сотунун Бишкек ш., Панфилов көчөсү-183 дарегинде жайгашкан, баланстык
наркы 1538199,0 сом болгон имаратын Кыргызпотребсоюздун менчигине мен-
чикке укук тууралуу күбөлүк берүү менен өткөрүп берсин.
4. Бишкек шаарынын жергишктүү өз алдынча башкаруусу Кыргызпотреб-
союзга Бишкек ш., Панфилов көчөсү-183 дарегинде жайгашкан эки кабат
имараттын алдындагы жер участогун ээлөө укугуна мамлекеттик акт берсин.
5. Кыргыз Ребпубликасынын Мамлекеттик мүлк фонду Бишкек шаары,
Панфилов көчөсү-50 дарегинде жайгашкан имаратты мамлекеттик администра-
тивдик имараттардын реестрине киргизсин.
Премьер-министр А.Муралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Указ Президента КР от 14 января 1999 года УП № 4 "О мерах по погашению кредиторской задолженности"Указ · 14.01.1999 · № 4 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.