Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы №29 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 13-марты №176 "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы №29 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы №29 токтому менен бекитилген Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 8-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Комиссия өз отурумуна мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда чечим кабыл алууга укуктуу. Чечим Комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү добуш бергенде кабыл алынды деп эсептелет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага отурумга төрагалык кылуучу кол коет."; төртүнчү абзац алып салынсын;
- 9-пунктта:
"Комиссия мүчөлөрү тарабынан" деген сөздөр "Комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Сурамжылоо аркылуу кабыл алынган жана Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол койгон чечим (корутунду), маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтү карашы үчүн негиз болуп эсептелет.".
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Положение о Республиканской комиссии по вопросам, связанным с отводом земель ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 16 января 2002 года N 29)Положение · 16.01.2002 · № 29
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Постановление Правительства КР от 16 января 2002 года N 29 "Об утверждении Положения о Республиканской комиссии по вопросам, связанным с отводом земель"Постановление · 16.01.2002 · № 29 · Күчүн жоготкон