Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 13-марты №174 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылдык округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына жеке менчик укугунда таандык 40,0 га сугат айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын:
Акматов Улан Жусупбековичке - 0,5 га; Акмолдоева Кымбат Шатеновнага - 0,5 га, Алымбаев Бактыбек Асанкуловичке - 0,5 га; Асаналиева Салия Шаршеновнага - 0,5 га; Аттокурова Чолпон Бактыяровнага - 1,5 га; Бейшенова Күлжаканга - 0,5 га; Бейшалиева Гүлнара Арстанбековнага - 0,5 га; Жапаркулова Назгүл Казымбаевнага - 0,5 га; Курмушиев Капар Кубанычбековичке - 9,0 га; Курмушиев Анвар Кубанычбековичке - 16,0 га; Кенжакунова Ырыскул Мамбетжумаевнага - 0,5 га; Кырбашева Турдугүл Бексадаевнага - 0,5 га; Коңуров Нурбек Кубанычбековичке - 0,5 га; Муканбаев Оңолбекке - 0,5 га; Өмүракунова Нургүл Мамытовнага - 2,0 га; Өмүракунов Мажит Маамытовичке - 0,5 га; Өмүракунова Гүлкайыр Маамытовнага - 1,0 га; Райымкулова Канайым Каимкуловнага - 0,5 га; Суванкулова Керез Савитовнага - 0,5 га; Сманов Жанат Нургазы уулуна - 0,5 га; Тойгонбаева Күлсуканга - 1,0 га; Цой Виктор Антоновичке - 0,5 га; Чолпонбаева Чынаркан Куралбаевнага - 0,5 га; Чакибаева Нурила Акжолтоевнага - 0,5 га; Шамбетова Мунара Чакибаевнага - 0,5 га;
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин менчик ээлери менен бирдикте жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон