# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №152 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №152 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70084>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13530/edition/441088/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70084.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №152 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (10.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70084

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 10-марты №152 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-декабрындагы №467 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибине № 1 тиркемеде:

3-мамычанын сегизинчи сабындагы "канцеляриянын начальниги," деген сөздөр алып салынсын; 3-мамычанын үчүнчү сабындагы "сектор башчысы" деген сөздөрдөн кийин", канцеляриянын начальниги" деген сөздөр менен толукталсын;

- көрсөтүлген токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибине № 3 тиркеме:

3-мамычанын бешинчи сабындагы "канцеляриянын начальниги," деген сөздөр алып салынсын; 3-мамычанын үчүнчү сабындагы "бөлүм башчысы (начальник)" деген сөздөрдөн кийин", канцеляриянын начальниги" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган финансылык чыгымдар "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бийликтин соттук тармагы үчүн каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.

Премьер-министр

И.Чудинов
