Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Улуттук» статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 июня 2025 года № 329 "Об утверждении нормативных правовых актов в области высшего и среднего профессионального образования"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-06-10.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 5-марты №148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун тогузунчу абзацы алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобого:
Жобонун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги" деген тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1.9-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте дайындалат.";
- бешинчи абзацтагы "кызмат мөөнөтү бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги менен макулдашуу боюнча жож баш ийген мамлекеттик орган тарабынан кайра чакыртылып алынат" деген сөздөр "мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- алтынчы абзацта:
биринчи сүйлөмдөгү "мөөнөтү бүтө электе кызматынан кайра чакыртылат" деген сөздөр "мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулат" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи сүйлөмдөгү "кайра чакырылган" деген сөздөр "бошотулган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жетинчи жана сегизинчи абзацтар алып салынсын;
2.3-пунктта ", Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги, Кыргыз Республикасынын башка министрликтери менен мамлекеттик комитеттери" деген сөздөр алып салынсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кесиптик жогорку билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын.
3. "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 327 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- карамагында мамлекеттик жогорку окуу жайлары бар мамлекеттик органдардын катышуусу менен эки айлык мөөнөттө мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен түзүлүүчү типтүү эмгек келишимин иштеп чыксын жана бекитсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (6)
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 148 (Э.С.Токторов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 27.04.2009 · № 148
- КР Премьер-министрин 2009-жылдын 12-мартындагы № 102 (А.Зурдинов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 12.03.2009 · № 102
- Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен…Положение · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 3 февраля 2004 года №53 " Об утверждении нормативных и правовых актов, регулирующих деятельность образовательных организаций высшего и среднего…Постановление · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон
- "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана…Положение · 05.03.2009 · № 148 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 327 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу…Постановление · 29.07.2005 · № 327 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2025 · № 329
- Постановление Правительства КР от 3 февраля 2004 года №53 " Об утверждении нормативных и правовых актов, регулирующих деятельность образовательных организаций высшего и среднего…Постановление · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 19.04.2013 · № 209 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 327 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу…Постановление · 29.07.2005 · № 327 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-майындагы № 238 "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 07.05.2020 · № 238
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке выбора руководителей государственных образовательных организаций высшего профессионального образования Кыргызской Республики (Утверждено постановлением…Положение · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын…Постановление · 08.08.2012 · № 557 · Күчүн жоготкон