# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №140 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №140 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70078>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13524/edition/1156177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70078.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №140 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70078

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 3-марты №140 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Тамеки буюмдарына акциздик салыктарды башкаруу жол-жоболорун өркүндөтүү жана тамеки рыногунда чекене баалардын мониторингин өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген тамеки буюмдарына орточо рыноктук бааларды ай сайын мониторингдөө жана тамеки буюмдарынын категорияларын аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- аталган токтом менен бекитилген тамеки буюмдарына категориялар боюнча чекене баалардын диапазону ушул токтомдун № 2 тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 140 токтомуна №1 тиркеме

Тамеки буюмдарына орточо рыноктук бааларды ай сайын мониторингдөө жана тамеки буюмдарынын категорияларын аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин комплекстүү талдоо бөлүмүнүн начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин акциздик салыктарды контролдоо бөлүмүнүн начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык төлөмдөр башкармасынын тарифтик жөнгө салуу жана салыктар бөлүмүнүн начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин салык салуу, тарифтик жөнгө салуу жана ДСУ маселелери бөлүмүнүн башчысы;

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин фискалдык саясат башкармасынын салык саясаты бөлүмүнүн начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармасынын фискалдык мыйзамдар жана баалоо бөлүмүнүн башкы адиси;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институтунун стандартташтыруу башкармасынын эл аралык стандарттар бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);

- "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын тамеки тармагы боюнча башкармасынын начальниги (макулдашуу боюнча);

- "Реемтсма-Кыргызстан" ачык акционердик коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча);

"Top №otch" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча);

- "Алкозай СЭЗ" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

Н.Айтмурзаев

Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 140 токтомуна №2 тиркеме

Тамеки буюмдарына категориялар боюнча чекене баалардын ДИАПАЗОНУ

| Тамеки буюмдарынын категориялары | Тамеки буюмдарынын тиби | 1 кутуга чекене баанын диапазону |
| --- | --- | --- |
| I | чыпкасыз, папиростор | бардык чекене баалар |
| II | чыпкалуу | 10,00 сомго чейин чекене баа |
| III | чыпкалуу | 10,01 сомдон 16,00 сомго чейин чекене баа |
| IV | чыпкалуу | 16,01 сомдон 24,00 сомго чейин чекене баа |
| V | чыпкалуу | 24,00 сомдон жогору чекене баа |
| Эскертүү: Сигареттер жана сигариллалардан V категориясы боюнча акциздик салыктар алынат. |  |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

Н.Айтмурзаев
