# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-февралындагы №124 "Кыргыз Республикасында 2009-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы №396 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-февралындагы №124 "Кыргыз Республикасында 2009-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы №396 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70068>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13515/edition/440092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70068.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-февралындагы №124 "Кыргыз Республикасында 2009-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы №396 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70068

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2009-жылдын 13-февралы № 124 "Кыргыз Республикасында 2009-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы №396 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Каттоону өткөрүү үчүн тартылган персоналды 2009-жылы Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоону сапаттуу жүргүзүүгө материалдык жактан кызыктырууну жогорулатуу жана жоопкерчилигин күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 396 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- № 2 тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 396 токтомуна № 2 тиркеме

Кыргыз Республикасында 2009-жылы эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү үчүн тартылган персоналга төлөөнүн ӨЛЧӨМҮ

| Кызмат орундарынын аталышы | Ай сайын (бир жолку) төлөөнүн өлчөмү, сом менен |
| --- | --- |
| Каттоо персоналы |  |
| Регистраторлор (бир жолку төлөө) | 1715 |
| Каттоочулар (бир жолку төлөө) | 2880 |
| Инструктор-контролерлор | 3360 |
| Каттоо бөлүмдөрүнүн башчыларынын орун басарлары | 3840 |
| Каттоо бөлүмдөрүнүн башчылары | 4320 |
| Айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары (төлөөлөрдүн бир күндүк орточо өлчөмү) | 137 |

Төлөө өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашагандарга жана иштегендерге төлөнүүчү кошумча төлөмдөрдүн жана үстөктөрдүн райондук коэффициенттерин эсепке албастан белгиленген. Каттоо жүргүзүү үчүн тартылган персоналдын төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 13-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгынын № 11 тиркемесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун № 3 тиркемесине (3-мамыча) ылайык эсептелди, аларга жараша регистраторго акы төлөө иш жүзүндө иштеген убактысын эсепке алуу менен адистин, каттоочуга - жетектөөчү адистин, инструктор-контролерго - башкы адистин, каттоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарына - жетекчинин жардамчысынын, каттоо бөлүмүнүн башчысына - сектор башчысынын маянасынын деңгээлинде белгиленген. Каттоону жүргүзүү үчүн тартылган персоналдын ар бир тийиштүү категориясы боюнча иштебеген адамдарга төлөө өлчөмү 10 процентке жогорулатылат. Мекемелердин көчмө (жолдогу, ооруканадагы, санаториялардагы жана башка жайлардагы) объекттеринде эл каттоону өткөрүү үчүн тартылган персоналга бир жолку төлөө өлчөмү каттоо персоналынын тийиштүү категориясына төлөөнүн бир күндүк орточо өлчөмүнө жана иш жүзүндө иштеген убактысына жараша эсептелет. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчыларына бир жолку төлөөнүн өлчөмү кайра каттоочуга төлөөнүн бир күндүк орточо өлчөмүнө жана иш жүзүндө иштеген убактысына жараша эсептелет.

Эскертүү: Төлөө өлчөмдөрү 2008-жылдын 1-январына карата белгиленген, адистердин ушул категориясына эмгек акы төлөө шарттары өзгөрүлсө, каттоо жүргүзүү үчүн тартылган персоналдын тийиштүү категориясына төлөөнүн өлчөмү да өзгөрүлөт.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

И.Чудинов
