Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2003-жылдын 4-июнундагы № 011-20/1000 нотасын жана Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия Элчилигинин 2003-жылдын 17-апрелиндеги № NZ 55/2003 нотасын алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жаңы Зеландия Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия куралдуу күчтөрүнүн аскер жана жарандык кызматкерлеринин статусуна тиешелүү Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 11-февралы №110 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2003-жылдын 4-июнундагы № 011-20/1000 нотасын жана Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия Элчилигинин 2003-жылдын 17-апрелиндеги № NZ 55/2003 нотасын алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жаңы Зеландия Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия куралдуу күчтөрүнүн аскер жана жарандык кызматкерлеринин статусуна тиешелүү Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2003-жылдын 4-июнундагы N 011-20/1000 нотасын жана Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия Элчилигинин 2003-жылдын 17-апрелиндеги N NZ 55/2003 нотасын алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жаңы Зеландия Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия куралдуу күчтөрүнүн аскер жана жарандык кызматкерлеринин статусуна тиешелүү Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тааныштыруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине тапшырылсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2003-жылдын 4-июнундагы № 011-20/1000 нотасын жана Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия Элчилигинин 2003-жылдын 17-апрелиндеги № NZ 55/2003 нотасын алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жаңы Зеландия Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия куралдуу күчтөрүнүн аскер жана жарандык кызматкерлеринин статусуна тиешелүү Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө 1-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2003-жылдын 4-июнундагы № 011-20/1000 нотасын жана Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия Элчилигинин 2003-жылдын 17-апрелиндеги № NZ 55/2003 нотасын алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жаңы Зеландия Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Жаңы Зеландия куралдуу күчтөрүнүн аскер жана жарандык кызматкерлеринин статусуна тиешелүү Макулдашуу денонсациялансын.
2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жаңы Зеландиянын Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын 1-статьясында көрсөтүлгөн Макулдашуу денонсацияланганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-статья. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон