# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №107 ""Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 3-январындагы № ККZ-06/02 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 26-февралындагы № 011-20/304 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №107 ""Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 3-январындагы № ККZ-06/02 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 26-февралындагы № 011-20/304 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13505/edition/438981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №107 ""Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 3-январындагы № ККZ-06/02 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 26-февралындагы № 011-20/304 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (11.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70058

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 11-февралы №107 "Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 3-январындагы № ККZ-06/02 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 26-февралындагы № 011-20/304 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 3-январындагы № ККZ-06/02 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 26-февралындагы № 011-20/304 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тааныштыруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине тапшырылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 3-январындагы N ККZ-06/02 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 26-февралындагы N 011-20/304 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө

1-статья. Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 3-январындагы N ККZ-06/02 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 26-февралындагы N 011-20/304 жооп нотасы денонсациялансын.

2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Корея Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын 1-статьясында көрсөтүлгөн Макулдашуу денонсацияланганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

3-статья. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
