# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №96 ""Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү-2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 676 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №96 ""Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү-2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 676 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70049>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13496/edition/479976/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70049.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №96 ""Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү-2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 676 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70049

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ 2009-жылдын 10-февралы №96 "Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү-2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 676 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү-2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 676 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү-2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планында:

- 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

| 29 | "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө жана аны күрөөлүк укуктар менен милдеттендирүүгө багытталган нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо, анын ичинде: - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мөөнөтүн, жол-жоболорун жана баасын азайтуу; - катталган укуктар жөнүндө маалымат алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү; - объекттин техникалык мүнөздөмөлөрү өзгөргөндөн башка учурларда кыймылсыз мүлк объектин милдеттүү түрдө учурдагы паспорттоштуруу жол-жобосун кайра кароо. | 2008-жылдын 15-декабры- на чейин | Мамкаттоо, Экономсоо- дамин | USAIDдин бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоору (макулдашуу боюнча) |
| --- | --- | --- | --- | --- |

";

- Иш-аракеттер планы төмөнкүдөй мазмундагы 29-1-пункт менен толукталсын:

"

| 29-1 | Нормативдик укуктук базаны даярдоо жана уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү жолу менен Бишкек жана Ош шаарлары боюнча Мамкаттоонун сайтынан онлайн режиминде расмий маалымат алуу механизмин киргизүү. | 2009-жылдын 15-октябры- на чейин | Мамкаттоо, Экономсоо- дамин | USAIDдин бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоору (макулдашуу боюнча) |
| --- | --- | --- | --- | --- |

";

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
