# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №92 "Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №92 "Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70046>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13493/edition/439005/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70046.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №92 "Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (07.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70046

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 9-февралы №92 Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасында уруксат берүү-жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы №344 Жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк туристтерге визаларды берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана туристтик рыноктун жагымдуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын электрондук визасын этабы менен киргизүүнүн тартиби бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эки айлык мөөнөттө "электрондук виза" кызматын он-лайн режиминде киргизүү жөнүндө маселени иштеп чыксын.

3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
