# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №86 ""Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатанттарын сертификациялоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-мартындагы №166 токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №86 ""Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатанттарын сертификациялоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-мартындагы №166 токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70041>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13488/edition/439019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70041.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №86 ""Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатанттарын сертификациялоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-мартындагы №166 токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө" токтому (07.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70041

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 7-февралы №86 "Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатанттарын сертификациялоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-мартындагы №166 токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 179-беренесинин (а) пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатанттарын сертификациялоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-мартындагы №166 токтомунун колдонулушу токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Аба кодексиндеги болгон карама-каршылыктарды четтетүүнү караган "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

3. Бул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
