# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №84 "Мамлекеттик менчикке автомашина сатып алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №84 "Мамлекеттик менчикке автомашина сатып алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70040>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13487/edition/439021/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70040.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №84 "Мамлекеттик менчикке автомашина сатып алуу жөнүндө" токтому (07.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70040

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 7-февралы №84 Мамлекеттик менчикке автомашина сатып алуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №961 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Германия техникалык кызматташуу коомунун арызынын негизинде "мамлекеттик пайдасына баш тартуу" бажылык режимде 2003-жылы чыккан, кыймылдаткыч N ТD42167832, кузов N JNITCSY61Z0535742 "Ниссан-Патрол" маркасындагы автомашинаны бажылык тариздөөдөн өткөрсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө мүлктүн наркын эске алсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
