# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-январындагы №82 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-январындагы №82 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13485/edition/1044332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70037.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-январындагы №82 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (08.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70037

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 7-февралы №82 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы №211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" жана 2008-жылдын 27-июнундагы №343 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасын андан ары өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүүнү караштырган нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
