# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №81 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №81 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70036>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13484/edition/650898/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70036.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №81 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (06.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70036

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 7-февралы №81 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кесиптик-техникалык билим берүү системасынын мамлекеттик кызматчы категориясына кирбеген кызматкерлеринин эмгек акысындагы айырмачылыктарды четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пунктта:

экинчи абзацтагы "19" деген цифралар "20" деген цифралар менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацтагы "20" деген цифралар "21" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 2-пункттагы "21" деген цифралар "22" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда № 20 тиркеме менен толукталсын;

- № 20 жана 21 тиркемелер тиешелүү түрдө № 21 жана 22 тиркемелер деп эсептелсин.

2. Аталган токтом 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 81 токтомуна тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна №20 тиркеме

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Кесиптик-техникалык билим берүүнүн инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу борборунун кызматкерлеринин кызматтык МАЯНАЛАРЫ

№

Кызматтардын аталышы

Кызматтык маяналар (сом менен)

1.

Директор

8300

2.

Директордун орун басары

7400

3.

Башкы бухгалтер

5800

4.

Башкы адис

4500

5.

Жетектөөчү адис

3900

6.

Усулчу

3500

7.

Китепкана башчысы

3200

8.

Кассир

2700

Эскертүү: квалификациялык категориясы болгон учурда кызматтык маяналар төмөнкүдөй жогорулатылат:

- жогорку категория - 25 процентке;

- биринчи категория - 20 процентке;

- экинчи категория - 10 процентке.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

Н.Айтмурзаев
