# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №80 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О денонсации ответной ноты Министерства иностранных дел Кыргызской Республики на ноту Посольства Соединенных Штатов Америки от 4 декабря 2001 года №542, образующих вместе Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Соединенных Штатов Америки"" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №80 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О денонсации ответной ноты Министерства иностранных дел Кыргызской Республики на ноту Посольства Соединенных Штатов Америки от 4 декабря 2001 года №542, образующих вместе Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Соединенных Штатов Америки"" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70035>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13483/edition/439035/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70035.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №80 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О денонсации ответной ноты Министерства иностранных дел Кыргызской Республики на ноту Посольства Соединенных Штатов Америки от 4 декабря 2001 года №542, образующих вместе Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Соединенных Штатов Америки"" токтому (07.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70035

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 7-февралы №80 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди сактоо жана мамлекеттик чек араны коргоого катышкан мамлекеттик контролдоочу органдардын иштерин макулдашуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо эрежеси бекитилсин.

2. Адамдарды, транспорт каражаттарды, жүктөрдү жана башка мүлктү мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө катышуучу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимдин сакталышын камсыздоочу мамлекеттик контролдоочу органдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо эрежелеринин тийиштүү түрдө аткарылышын камсыздашсын.

3. Өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоочу органдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара режимин жана өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо маселеси боюнча иштерин координациялоо чек аралык контролдоо органдарынын жетекчилерине, бажылык контролдоо зонасындагы режимди сактоо боюнча - бажылык контролдоо органдарынын жетекчилерине, өндүрүштүк жана чарбалык иш маселелери боюнча - өткөрүү пункттарынын администрацияларынын жетекчилерине тапшырылат.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов
