# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы №76 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы №76 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13479/edition/439043/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70031.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы №76 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70031

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2009-жылдын 4-февралы № 76

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 13, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы № 315 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү концепциясы жөнүндө" токтомуна ылайык, тышкы соода операциялары боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун тиркелген техникалык-экономикалык негиздемеси жактырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
