Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 26 февраля 2021 года № 63 "Об утверждении Положения о порядке проведения государственной квалификационной сертификации специалистов строительной отрасли"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-02-26.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 4-февралы №75 "Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүүнүн институтун өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомуна, "Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү - 2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 676 токтому менен бекитилген Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү - 2010" "Кыргызстан топ 50 өлкөлөргө" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо тартиби жөнүндө жобонун 1 бөлүмүндө:
2-пункт "чыгарылган курулуш продукциянын" деген сөздөрдөн кийин ", аткарылган жумуштардын" деген сөздөр менен толукталсын; 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Долбоордук документтерге көз карандысыз экспертиза жүргүзүү боюнча адистин (эксперттин) мамлекеттик квалификациялык сертификаты долбоордук документтерге көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө укук берет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө:
- Мамлекеттик квалификациялык сертификаттоого тийиш болгон адистиктердин тизмесине анын долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү жагында адистерди сертификаттоо бөлүгүне тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- долбоордук документтерге көз карандысыз экспертиза жүргүзүү боюнча адистердин (эксперттердин) кесипкөй жана квалификациялык сапаттарына коюлуучу талапты иштеп чыксын жана бекитсин;
- долбоордук документтерге көз карандысыз экспертиза жүргүзүү боюнча уюмдарды аккредитациялоо тартибин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Мамлекеттик эмес эксперттик уюмду кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүгө аттестациялоонун ЭРЕЖЕЛЕРИ (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын…Правила · 25.06.2009 · № 409
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 63 "Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 26.02.2021 · № 63
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке проведения государственной квалификационной сертификации специалистов строительной отрасли (утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 3…Положение · 03.04.1997 · № 188 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 63 "Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 26.02.2021 · № 63
- Постановление Правительства КР от 3 апреля 1997 года № 188 "Об утверждении Положения о порядке проведения государственной квалификационной сертификации специалистов строительной…Постановление · 03.04.1997 · № 188 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 " Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат…Постановление · 30.05.2008 · № 252 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабры № 676 Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү - 2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынынын…Постановление · 05.12.2008 · № 676 · Күчүн жоготкон