Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 3-февралы №73 "Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-пунктуна жана 65-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-статья. "Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., №3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 40-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "40-статья. Автордук, техникалык жана мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл
1. Кыргыз Республикасынын аймагында курулчу объекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте автордук, техникалык жана мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө алынууга тийиш.
2. Курулуш объекттеринин опурталдуулук даражасы боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө же курулуш жумуштарын аткарууда техникалык көзөмөлгө алынчу категорияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
3. Курулушка автордук көзөмөл эксплуатацияга киргизилчү курулуш объекттеринин архитектуралык-курулуштук, технологиялык же башка техникалык чечилиштери долбоордук чечимдерге ылайык келишин камсыздоо максатында ишке ашырылат.
4. Курулуш жумуштарынын аткарылышына техникалык көзөмөл архитектуралык-курулуштук, технологиялык же башка техникалык чечилиштердин шайкештигин камсыздоо максатында ишке ашырылат.
5. Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл курулуш процессинде аткарылчу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайыктыгын текшерүү максатында ишке ашырылат.".
2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон