# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-февралындагы №72 ""Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-февралындагы №72 ""Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70027>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13475/edition/439051/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70027.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-февралындагы №72 ""Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70027

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 3-февралы №72 "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министр

И.Чудинов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу"

1-берене. Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2005-ж., №6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 10-статьяда:

- 4-пунктунун 2 жана 3-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) күрөө менен камсыздалган милдеттенменин баяндамасы, ал милдеттенменин максимум суммасы менен чагылдырылышы мүмкүн;

3) күрөөнүн предметинин аны идентификациялоо үчүн жетиштүү жалпы баяндамасы;

- 6-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. 27-статьяда "өткөрүп берип жатканда тараптар макулдашкан акчалай наркына салыштырганда" жана, "ал эми мындай макулдашуу болбогондо -" деген сөздөр алып салынсын.

3. 30-статьяда:

- 1-пункту "катары" деген сөздөн кийин "кыймылдуу жана" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. 34-статьяда:

- 1-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсү жөнүндө келишимде күрөөнүн предмети болгон жүгүртүүдөгү товарлардын жалпы баяндамасы болууга тийиш";

- 2-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү ", товардын сан-эсебине, өлчөмүнө же көлөмүнө ылайык аныкталуучу" деген сөздөр алып салынсын.

5. 52-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацы алып салынсын.

6. 69-статьянын экинчи абзацынын акыркы сүйлөмү алып салынсын.

2-статья. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2007-ж., N 7, 8, 9, 702-ст.) күчүн жоготту деп эсептелсин.

3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
