# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январындагы №65 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 618 "Аңчылык кылуу үчүн жапайы жаныбарлардын, кармоо үчүн канаттуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январындагы №65 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 618 "Аңчылык кылуу үчүн жапайы жаныбарлардын, кармоо үчүн канаттуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70021>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13469/edition/479865/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70021.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январындагы №65 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 618 "Аңчылык кылуу үчүн жапайы жаныбарлардын, кармоо үчүн канаттуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70021

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 3-февралы №65 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 618 "Аңчылык кылуу үчүн жапайы жаныбарлардын, кармоо үчүн канаттуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы №618 "Аңчылык кылуу үчүн жапайы жаныбарлардын, кармоо үчүн канаттуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Аңчылык кылуу үчүн жапайы жаныбарлардын, кармоо үчүн канаттуулардын тизмесинин "Канаттуулар" бөлүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Жырткыч канаттуулар" деген сөздөрдөн кийинки "(Кызыл китепке киргизилген түрлөрдөн башкалары)" деген сөздөр "(Кызыл китепке киргизилген түрлөрү, жасалма төлдөтүү максатында жана илимий максаттарда гана)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- "Канаттуулардын жумурткалары" деген сөздөрдөн кийинки "(Кызыл китепке киргизилгенден башкасы)" деген сөздөр "(канаттуулардын Кызыл китепке киргизилген түрлөрү, жасалма төлдөтүү максатында жана илимий максаттарда гана)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов
